• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаш мугалимдерге жеңилдетилген шартта ипотека берүү маселеси каралды

27 Аяк оона 202512:32 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаш мугалимдерге “нөлдүк пайыз шарты” менен турак жай берүү планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Касмалиев ошондой эле ири шаарлардагы демографиялык абалды эске алуу менен билим берүү жайларын куруу планын кайра карап чыгуу керектигин айтты.

«Агартуу министрлиги, аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. Мамлекеттик ипотекалык компания жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын»,-деди Касмалиев.

Количество просмотров: 231