• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жашоодон кыйналып турсаң эмне кылуу керек? Нурсултан Назарбаевден кеңеш

28 Жетинин айы 201820:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жашоодон кыйналып, айласын таппай турган адамга наалыбай, оорукана менен мүрзөгө барып келүүгө кеңеш берди.

Коңшу өлкөнүн жетекчиси Астанада өткөн VIII Жарандык форумда сөз сүйлөп, кандай гана кыйынчылык болбосун аларды жеңүүгө аракет көрүү керектигин белгилеген.

Президент жашоодогу тоскоолдуктарга, алты саны соо эместигине карабастан алдыга умтулган адамдарга суктанарын айтты.

«Биз көп учурда тиги жок, бу жок деп нааразы болобуз. Ушунчалык эле кыйналып кетсең ооруканага барып көрчү, мүрзөлөрдү кара. Сенин абалың алардыкына караганда бир топ өйдө. Буту-колубуз соо туруп, наалыйбыз. Бул жашоодо колдон келбес нерсе жок. Өзүңдү колго алып, иште. Кептин баары ушунда. Жаштарды да ушуга үйрөтүү кажет», — деди Назарбаев.

Булак: «Спутник»

Президент, мындан тышкары, өлкө аймагында ыктыярчылар кыймылын колдоо программасын кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, социалдык долбоорлорго дал ушул ыктыярчыларды тартуу керек.

Количество просмотров: 35