Кыргызстанда жаштар арасында бокс боюнча чемпионат башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Республикалык чемпионатта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 124 мушкер күч сынашат.
«Спортчулар 11 салмак категорияда күч сынашат (46 кг, 49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг). Финалдык беттештер 30-декабрда өтөт»,-деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, иш-чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргызстан бокс федерациясы уюштурууда.