• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаза аткаруу кызматы Текебаевге байланыштуу кайрылууну карайт

12 Үчтүн айы 2018 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.01.2018. Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “Ата-Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу депутаттардын кайрылуусун карайт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн аталган  кызматтын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматта кайрылуу мекемеге бүгүн келип түшкөн, эми ал тиешелүү бөлүмгө же жетекчилерге тапшырылат.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкашканын билдиришкен болчу.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Жогорку Сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы «орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган» деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Бирок, соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

 

 

 

Количество просмотров: 6