• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы каза болду

26 Жалган куран 202311:57 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Шаршеналиева 25-мартта мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Элеонора Шаршеналиева ооруп жүргөн жана ага карабай акыркы күндөргө чейин милдетин так аткарган.

Шаршеналиева 1973-жылы туулган Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Билими жогорку, 2006-жылы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган. Окуу менен катар «Заман Кыргызстан», «Дил» басылмаларынын редакциялары жана «Кабар» маалымат агенттигинде иштеген.

Жаза аткаруу тутумунун органдарында 2006-жылы «Үмүт» гезитинин кызматкери болуп баштап, андан соң Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматын жетектеген.

Govori.TVнын жамааты терең кайгыруу менен, жакындарына көңүл айтат.

Количество просмотров: 658