• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Дженго» арызын кайтарып алган. ЖАК тергөө абагындагы кырдаал тууралуу маалымат берди

25 Бештин айы 202412:36 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу кызматы №1 СИЗОнун айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына караганда, №21 абакта (СИЗО-1) абактагылардын массалык түрдө сабалышы, массалык ачкачылык жарыяланып, адвокаттардын, акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлеринин ишине тоскоолдуктар болуп жатат деген маалымат туура эмес.

ЖАК 20-декабрдан бери №1 СИЗОго 289 адвокат келгенин, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 21 кызматкери №1 СИЗОго 7 жолу барып, айыпталуучу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында мекеменин администрациясынын дарегине эч кандай арыз жана даттануулар түшкөн эместигин билдирди.

«Акыйкатчы институтунун 8 кызматкери СИЗОго 6 жолу барып, өзүн «СИЗО-1дин көзөмөлчүсү» деп атаган айыпталуучу Данияр Шүкүровдун (Данчик) (Чыңгыз Жумагуловдун (лакап аты Дөө-Чыңгыз) өлтүрүлүшү боюнча иште өтүп жатат) жана өзүн «Түштүк аймагынын көзөмөлчүсү» деп атаган Кадырбек Досоновдон (Женго) эки арыз алышкан, бир жазуу жана бир оозеки. Аталган жарандар Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү болгон. Кийинчерээк Шүкүров менен Досонов арыздан баш тартышкан. Ал эми №1 СИЗОдогу башка соттолгондордон ден соолукка залал келтирүү же физикалык күч колдонуу боюнча расмий арыздар түшкөн эмес», — деп жазылат маалыматта.

ЖАК билдиргендей, тергөө камак жайында учурда бир гана Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатат.

«ЖАКтын ишмердүүлүгү жогору турган органдардын көзөмөлүндө жана прокурордук көзөмөл астында ишке ашат. ЖАК органдарынын жана мекемелеринин кызмат адамдарынын аракети же аракетсиздиги жогору турган органдарга, прокуратурага же сотко даттанылышы мүмкүн. Буга байланыштуу биз бардык кайрылуулар, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык берилиши жана каралышы керек деп эсептейбиз», — деп айтылат мекемнин маалыматында.

Эске салсак, Акыйкатчы институту абакта кармалгандардын сөзүнө таянып, анда 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын билдирген. Ал эми алардын ичинен эки адам акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтышкан.

Количество просмотров: 380