• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Караларды кызылдар калкалап жатат «Видео»

9 Бирдин айы 2018 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2018.Govori.TV

«Уюшкан кылмыштуулук менен ийгиликсиз күрөшүүнүн негизги себеби-коррупция»,-деп айтты президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Эксперттерге таянуу менен президент криминалдардын капиталы өтө чоң суммага жеткенин айтты.

«Криминалдардын марып жатышы укук коргоо органдарынын катышуусусуз мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор маңзаттарын жана аткезчиликти тынымсыз өткөрүшүүдө. Алар кирешелүү бизнестерди, айрыкча акциздик товарларды өз канатына алгысы келүүдө. Укук коргоо, күч тузүмдөрү, сот тармагындагы коррупция болбосо уюшкан кылмыштуу топтор бул иштерге аралаша албайт».-деди президент.

Количество просмотров: 1