• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон ирандык альпинисттер изделүүдө

10 Баш оона 20218:51 Бишкек Govori.TV

Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист Мехри Джафари жана Реза Адинени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар тобунун жана тик учактардын катышуусундагы издөө операциясы 6-августта башталган жана азыркы убакка чейин жүрүп жатат.

«Тилекке каршы, эмдигиче издөө операциясы натыйжа берген жок, ошондой эле эки альпинисттин учуп кеткен жана жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жерлерин альтитудасынын чоңдугу оорлукту жаратууда. Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы да болсо улана бермекчи», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 128