• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттерди издөө токтотулду

27 Баш оона 202510:07 Бишкек Govori.TV

Ak-Sai Travel компаниясы Жеңиш чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иштери токтотулганын, аларды издөө кийинки жылы атайын даярдыктагы куткаруучулар жана тик учак менен уланышы мүмкүн экенин билдирди. Ишкана альпинисттер 10-августтан бери байланышка чыкпаганын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах 5-августта Жеңиш чокусуна кетип, 11-августта чыгышкан. Кайра түшүп келатканда 7 300 бийктикте орусиялык альпинист Наталья Наговицина менен кезигишкен. Ошондон бери дайынсыз болууда.

Количество просмотров: 184