• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматов «Замандаш» партиясынын лидерлигин расмий түрдө өткөрүп берди

13 Үчтүн айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

«Замандаш» партиясынын мурунку лидери Жеңиш Молдокматов партиянын лидерлигин расмий түрдө өткөрүп берди. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал партиянын жаңы лидери Өмүракунов Аскарбекке тапшырган.

«Замандаш» партиясы чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын негизинде 2007-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылдан тартып жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып келе жатат.

Партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов 2011-жылы, 46 жашында кырсыктан улам көз жумган. Аскарбек Өмүракунов анын уулу.

Теги:
Количество просмотров: 210