• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Замандаштын» төрагасы алмашты

27 Жетинин айы 2018 12:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
«Замандаштын» атын кимдер гана билбейт, айтор чет өлкөлүк мекендештерибизден баштап мамлекетибиздин жети дубанына таанымал. 2003-жылы түптөлгөн Ассоциация «Замандашка» ушул жылы 6-декабрда 15 жыл болот.
Мигранттарыбыздын көйгөйүн жерден өйдө көтөрүп, ал эле эмес 15 жылдан бери мамлекетибизге абдан чоң эмгек сиңирип келди. 2011-жылга чейин маркум Муктарбек Өмүракунов аталган уюмду жетектеп келсе, аталган жылдан тарта Кадырбек Бусурманкулов жетектеп келди.
Бүгүн «Замандаш» Ассоциациясынын координациялык кеңешин Кадырбек Бусурманкулов чогултуп мындан кийинки ишти Абдрасул Айдаровго өткөрүп берди. Координациялык кеңештин сунушу менен Кадырбек Бусурманкулов «Замандаштын» ардактуу президентине шайланды.
«Суудан, оттон биргеликте өттүк. Ошондуктан мен силерди чогултуп бүгүн кеңешип бир сунуш киргизип бир чечели деп чакырдым. 15 жылдан бери мамлекет жасай албаган ишти биз жасадык, мекендештерибизди бириктирип, аларда жаралган көйгөйлөрдү эл аралык деңгээлде чече алдык. Эмгектин баары сиздердики. «Замандаш» учурда 96 мамлекет менен иш алып барган чоң уюм, жана чоң күчкө ээ! Менин убактым тар болгондуктан, бүгүн жалпыңыздарга менин ордума Айдаров Абдрасулду сунуштайм.»-деп өз сөзү менен координациялык кеңешке кайрылды.
Координациялык кеңеш бир добуштан сунушту колдоп, Кадырбек Бусурманкуловду аталган уюмга ардактуу президент наамын ыйгарышты.

Булак: rezonans.kg

Количество просмотров: 39