• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Замандаштан «Келечек 4.0» программасы

26 Тогуздун айы 2018 16:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.
«Замандаш» саясий партиясынын “Келечек 4.0” аталыштагы партия ишмердүүлүгүнүн негизи боло турган программасын коомчулукка алгачкы жолу жарыялоодо. Аны ар тармактын адистери иштеп чыгып, эксперттердин талдоосунан өткөн.
Жеңиш Молдакматов белгилегендей партиянын программасында дүйнөдөгү бардык тенденциялар эске алынган. Жана экономиканы көтөрүүнүн жолдору сунушталган.
Программа боюнча ЖК депутаты Жанар Акаев партия 2020-жылдагы шайлоого биринчи болуп кадам таштаганын белгилеп, жаштардын көбөйүп жатканын айтып өттү.
Бул партиянын сунуштап жаткан программасында эркиндик деген сөз көп колдонулганын Руслан Акматбек баса белгиледи.
Жаш, жаңы партия болсо да коомдо орду болуп, эл оозуна алынып калган бул партия 2020-жылдагы шайлоого эртелеп эле камынып жаткан кези.

Количество просмотров: 49