• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча Асылбек Жээнбеков жоопко тартылыш керекпи? Президенттин жообу

2 Жетинин айы 2019 14:54 Бишкек Govori.TV

ЖЭБ боюнча Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы болуп жалпы жыйынды модерацияга кана кылган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ММК жетекчилеринин менен жолугушуп жатып билдирди.

ЖЭБ боюнча Алмамбет Шыкмаматов туура айтат, ал кезде Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы болуп жалпы жыйынды модерацияга кана кылган, чечим чыгарган эмес да. Бирок ЖЭБтин маселеси тууралуу чечимди сот чечет.

Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда жыйын өткөрүп жатып, ЖЭБтин маселесин мен көтөргөн жокмун, авариядан улам бул маселе жаралды.

ЖЭБ боюнча айта кетейин. Мен аткаминерлерди камаган жокмун. ЖЭБ кыйрады эл нааразы болду. Иш ошондо козголду, ошондон кийин териштирүү башталды. Бул жерде эч кандай саясат жок.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча сотко парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду сурак берүүгө чакыруу тууралуу өтүнүч келтирет.

Депутат Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу өтүнүч менен жазылган арыз Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Асылбек Жээнбеков өткөн жумада бул маселедеги парламенттин жоопкерчилиги тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айткан. Депутат бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарганын белгилеп, элдин ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актабаганын айткан.

Количество просмотров: 11057