Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-февралдагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Анда өлкө башчы ант берген өкмөт мүчөлөрүнүн ишине ийгиликтерди каалап, антты бек сактоого чакырды.
«Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Баарыңарды ант беришиңер менен куттуктайм. Ант — абдан бийик нерсе. Ант берүү жөн эле трибунага чыгып, кагазды окуп коюш эмес. Ант берген адам элдин алдында, мыйзамдын алдында, абийирдин алдында жоопкерчилик алуу деген нерсе. Антты бекем кармагыла, бекем сактагыла. Өзү берген антын бузган адамдардын тагдыры кандай болгонун барыңар билесиңер. Мамлекетибизге ак кызмат кылып бергиле. Силерге жана жалпы өкмөткө ийгиликтерди каалайм», — деди президент.
Өлкө башчы айрым актуалдуу маселелерге байланыштуу сөзүн улантып жатат.
Бүгункү жыйында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ант беришти.