Экс-президент Сооронбай Жээнбеков “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, 2020-жылы бийликтен кантип кеткени тууралуу биринчи жолу комментарий берди.
Журналист ага: “Саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган” дептир. Ушул боюнча сиздин комментарий?” деген суроо берген.
“Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет. Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз”, — деп жооп берген Жээнбеков.