• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

1 Аяк оона 2020 13:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Количество просмотров: 42