• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков төрага жана премьер менен жолукту

10 Бугу 2020 11:27 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 134