• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы: «Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм»

5 Бирдин айы 202611:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы маселе боюнча 4-февралда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.

«Кечинде Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм бул маселелер боюнча. Биз талкууладык мен ойлойм, кече бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат. Эң башкысы өлкөбүздө тынчтык, ынтымак болушу керек. Биз, бийлик бутактары бири-бирибизди сөзсүз түрдө сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек. Элдин бакубат жашоосу, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн баарыбыздын максатыбыз бир», — деди ал.

Ал парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көз караштардын келишпестиги “кадыресе көрүнүш” экенин кошумчалады.

Аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы маселе автомектептердин жана айдоочуларды окутуудагы өзгөрүүлөр боюнча талкуулардан улам жаралды.

Количество просмотров: 587