• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат

28 Бугу 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Россиянын Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадды 24-июнда, «Өлбөс полк» жүрүшүн 26-июнда өткөрүү пландалып жатканын федерациянын президенти Владимир Путин билдирген.

«Биз аны 1945-жылы жеңүүчүлөрдүн тарыхта калган легендарлуу парады уюштурулуп, Москвада согушуп жана Ленинградды коргогон, Сталинградда согушуп, Европаны бошотуп, Берлинди басып алган аскерлер Кызыл аянттан өткөн күнү өткөрөбүз», — деген Путин.

Коронавирус пандемиясынан улам Жеңиш парады жана «Өлбөс полк» жүрүшү Жеңиш күнү — 9-майда уюштурулбай, иш-чараларды кийинчерээк өткөрүү пландалган.

Количество просмотров: 273