• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс-президент Жээнбековдун кудасы кайра кармалганы айтылды

4 Кулжа 202513:09 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев кайрадан камакка алынды.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2025-жылдын 15-майындагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Алиярбек Абжалиевге карата 2025-жылдын 13-июлуна чейинки мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

Эске салсак, 2022-жылдын март айында УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 210