• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жээнчороев: Эл аралык арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонго далилдер көп

17 Бугу 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Эл аралык арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонго далилдер көп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

«Биринчиден биздеги экологиялык бузууларды бир гана Кыргызстандын эксперттери эмес, эл аралык адистер дагы тастыктаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык булактарда 2008-2011- жылдары чет жерден эксперттер келип, бузууларды аныктаганы тууралуу маалыматтар бар. Эл аралык тажрыйбада дагы экологияга каршы чоң ишканалар утулган. Аларга караганда Кыргызстандын позициясы кыйла бекем, далилдер жетиштүү. Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөргө улуттук эксперттер, эл аралык юридикалык компаниялар менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, экологияга зыян келтиргендерди жоопко тартуу керек»,-деди депутат.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 194