• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

15 Аяк оона 2021 9:21 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Количество просмотров: 108