• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жекшенкулов: Элчиликтеги Ыкчам штабга кайрылгандар аябай көбөйүп кетти

20 Чын куран 202018:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилигине бир күндө 1000 адам кайрылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Govori.TVнын түз байланыштагы эфиринде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, элчиликтин алдында түзүлгөн штаб, активисттер жана диаспоралардын өкүлдөрү аларга жардам көрсөтүү аракетинде.


«Башында күндө 20-30дан адам кайрылса, азыр 500гө чейин жетти. Мунун баары Миграция кызматы, ИИМдин өкүлчүлүктөрү жана диаспорадагы мыкты уул-кыздарыбыз менен биргеликте жасалган иштер»,-деди ал.

Количество просмотров: 159