Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн аймактык экологиялык саммит өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана эксперттер суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүүсү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайып баратышы өңдүү көйгөйлөр, аларды биргелешип чечүү жолдору талкууланууда.
Саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин, Кыргызстан өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланарын, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетерин айтты. Суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстары жумшалып жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалаган.
Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов президент Садыр Жапаровдун саммитте айткан демилгесин колдоду.