• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат такталууда

5 Жалган куран 2021 12:59 Бишкек Govori.TV

“Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кабар Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, мыйзамга ылайык текшериле турганын кабарлаган.

4-март күнү Фейсбуктагы «Эл Байлыгы-бийлиги Коомдук Уюму» тайпасында Жерүйдө массалык мушташ болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Анда алтын кенинде жергиликтүү эл менен «Алтын Альянс» компаниясынын өкүлдөрү Самат Толубаев, Насирдин Алымсейитов мушташып, жергиликтүү тургун сабалганы, анын мээси чайкалып, түрдүү жараат алганы тууралуу жазылган.

Кошумчалай кетсек, Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Количество просмотров: 316