• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Жерүйдө» 18 адамдын ууланганы иликтенүүдө

22 Жалган куран 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Талас облустук ички иштер башкармалыгы «Жерүй» алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалыматты иликтей баштады.

Бул факт «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» менен электрондук эсепке алуу журналына катталганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

«Жарыяланган маалымат канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо максатында жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө иштери башталды”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармагында “Жер үй” алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалымат жарыяланган.

Количество просмотров: 313