Таластагы Жерүй алтын кенинде 27-январда шахта көчүп, анда иштеп жаткан төрт шахтерду басып калганы, натыйжада бир адам набыт болуп, калгандары жаракат алганы тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарады.
Кенди иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2-февралда берген маалыматында кырсык болгонун ырастады. Бирок адам өлүмү же жаракат алган жарандар тууралуу маалымат берген жок.
«27-январь күнү башкы подрядчы «БПК» ишканасынын кызматкерлери бекемдөө иштерин жүргүзүп жаткан жерде тоо тек үймөгү ажыраган. Окуя болгон учурда тилкеде төрт жумушчу болгон. Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү», — деп жазылган ишкананын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк Талас облустук милициясы маалымат таратып, кырсыкта бир киши каза таап, экөө жараат алганын тастыктады.