• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жер мунапысы: Лебединовка айылынын тургундары нааразылык акциясына чыкты

10 Баш оона 202313:26 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 151-контурдан жер тилкесин алган жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу 10-августта Чүй облустук акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу Азаттык жазды.

Алардын айтымында, жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатат.

Акцияга чыккан жашоочулар менен Аламүдүн районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тейтелиев жолукту. Ал жер участокторуна кызыл китептерди берүүдө прокуратура мыйзам бузуу болгонун аныктап, ишти сотко өткөрүп бергенин билдирди. Акыркы жыйынтыкты сот чечерин билдирди.

Чогулгандар Чүйдүн облус башчысынын келишин талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Количество просмотров: 213