Кыргызстандын улакчылары жер улак боюнча алгачкы мелдешинде Монголияны 16:0 эсебинде жеңди.
Жер улак боюнча 9 команда эки топко бөлүнүп оюн өткөрүүдө. Кыргызстан “Б” тайпасында Монголия, Түркия, Венгрия менен ойнойт. Кыргызстандын улакчылары экинчи оюнун 10-сентябрда өткөрөт.
Жер улак боюнча Кыргызстандын курамында төмөнкү оюнчулар бар:
Жолдошбек Орозбаев;
Эрлан Төлөбеков;
Ильяз Исаков;
Майрамбек Рыспеков;
Дастан Сагынбек уулу;
Кушчубай Илич уулу;
Өмурбек Эсен уулу;
Эмирлан Женишбеков;
Кубаныч Султан уулу;
Эрсултан Айдаркан уулу;
Ырыскелди Анатаев.
Каныбек Кубатов — машыктыруучу.