Президенттин 6-сентябрдагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгы менен, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикада аралыктан добуш берүүнү колдонуу жүктөлдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Аралыктан добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо тилкесинде добуш бере албаган жана аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.
Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочулардын эркин сактоонун кепилдигин жана добуш берүүнүн купуялуулугун сактоону эске алуу менен активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды түзүүгө болот.
Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн төмөнкү шаарларда шайлоо участкалары түзүлөт: