Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалган. Эртең, 17-октябрдан тарта үгүт иштери башталат.
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна жалпысынан 39 партия ат салышууда.
Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышууда.
Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия катышууда;
Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышат.
Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партия бар.
Бишкек шаарынан «Эл Үмүтү», «Социал-демократтар», «Жаңы Күч», «Адилет», «Ынтымак», «Уулу Журт», «Эмгек» партиялары 51 мандат үчүн ат салышмакчы.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талапкерлердин ар бирин текшерүүгө буйруган.
Бүгүн президент Садыр Жапаров да кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын билдирди.