• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жергиликтүү кеңештерге канча депутат шайланат?

2 Тогуздун айы 202410:42 Бишкек Govori.TV

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Биринчи радионун эфиринде жергиликтүү кеңештерге канча депутат шайланаарын билдирди.
Мыйзамга ылайык, калкынын саны 6 миңге чейин болгон айылдык кеңештерге 11 депутат шайланат:
6 миңден 20 миң адамга чейин — 21 депутат;
20 миңден 70 миң адамга чейин — 31 депутат;
70 миңден 500 миңге чейин — 41 депутат.
Жылкыбаев кошумчалагандай, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери өзгөчө статуска ээ, андыктан алардагы шаардык кеңештердин депутаттарынын саны 45тен 51ге көбөйгөн. Ал эми калган бардык шаардык кеңештерде депутаттардын саны калктын санына жараша болот.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда болот.

Количество просмотров: 113