17-ноябрда Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.
Шайлоого 21 жашка чыккан, жалпы орто билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Шаардык кеңештин депутаттары пропорционалдык система боюнча, ал эми айылдык кеңештин депутаттары мажоритардык система менен шайланат.