Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
— Бишкек шаары
Октябрь райондук сотуна:
Жарматова Айдай Жарматовна;
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
Свердлов райондук сотуна:
Абыкеев Таалайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна;
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.
Ленин райондук сотуна:
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
Тентимишов Марлен Бактыгулович.
— Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук сотуна;
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
— Нарын облусу:
Нарын облустук сотуна:
Алыбаев Замир Эрнисбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, КР Президентинин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.