• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

16 Чын куран 202613:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

«Бишкексууканалы» ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 159