• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жибек жолу проспектисинде жаңы көпүрө курулат

29 Аяк оона 202511:08 Бишкек Govori.TV

Жибек жолу проспектисинде жаңы көпүрөнүн курулушуна байланыштуу жол убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 28-сентябрдан тарта Жибек жолу проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңы көпүрөнүн курулушунун башталышына байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Жаңы көпүрө эки тилкеден алты тилкеге ​​кеңейтилет. Анын узундугу 25 метр, туурасы 34,3 метр болот. Эки тараптан ар биринин туурасы 3 метр келген жөө адамдар өтүүчү тротуар жасалат.

Мындан улам №13, 35, 36, 40, 45, 48, 100, 101, 118, 169, 175 автобус каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөртүлөт.

Каттамдарды алдын ала пландап, альтернативалык У.Салиева, М.Жалил, Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрүү сунушталат.

Количество просмотров: 113