• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жизак облусунда бир үйдөн үч бир тууган газга ууланып мерт болду

28 Үчтүн айы 2020 9:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Жизак облусунда бир үйдөн 8, 12 жана 14 жаштагы үч бир тууган газга ууланып кайтыш болду. Алардын апасы жандандыруу бөлүмүндө.

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 25-январь күнү эртең менен балдардын сөөгүн жумуштан келген атасы тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча балдар уктап жатып, жертөлөдөгү мештен чыккан иске ууланып калышкан.

Өзбекстанда кыш мезгилинде газга уулангандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Буга мештин туура эмес колдонулушу, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болууда.

Количество просмотров: 104