Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушууда. Жыйында өлкө башчы «Биз ишкерлерге эмнелер тоскоол болуп жатканын билебиз, аларды жоюунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди.
Мамлеке башчысы, ошондой эле бизнес чөйрөсүн колдоо үчүн жасалган айрым иштерди атады. Алар — жаңы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизүү, салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө. Мындан тышкары, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы салыгынан бошотулду. Тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү.
Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана ишкерлер катышууда.