• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков: «Кийин эл-журт менен той-топурда бирге болгум келет!”

21 Аяк оона 2018 8:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
“Уулум чоңойгуча мен бийликтен кетемин!” – бул сөздү Жээнбеков Кемин районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу президенттин апаратынан Улан Сатиев билдирди.
“Урматтуу агайы-туугандарым! Менин ишиме бирөө дагы кийлигишпейт,бирөөнү дагы кийлигиштирбеймин! Атайын, Жээнбеков, Бакиев болуп калды?! Бир туугандары бийлеп жатат, тейлеп жатат? — деп айтып жатышат. Андай эмес! Менде эч качан үй-бүлөөлүк башкаруу деген болбойт! Бирөөсү дагы киришпейт! Эгер билип калсам, катуу чара көрөмүн. Аны бардыгы билет,бирок, азыр менде тууган көбөйдү, дос көбөйдү. Менин атымды жумушка орношуудабы, башка учурдабы пайдаланып жатышыптыр. Андай жалган айткандарды билип калсаңар камагыла деп буйрук берип жатам.
Ушунча бийликке келдим, буга чейинки президенттердин жүргөн тургандары мага чоң сабак болгон. Өзүмдүн бир уулум бир кызым бар. Уулум кичине, азыр 4-класста окуйт. Бир киши айткандай, уулум Максим Бакиев, Айдар Акаев болгуча мен кетем жумуштан. Ага жетпейт. Кызым турмушка чыккан.
Эң негизги максатым президенттикти эсен-аман тапшырып берүү. Кийин эл-журт менен той-топурда бирге болгум келет” – деп агынан жарылды Президент. Мындан сырткары Жээнбеков эч качан жаман жолго барбасын, ким ойлосо дагы бул ойдон алыс болуулары керектигин эскертти.

Количество просмотров: 41