• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбековду сөккөн кишинин кечирим сураган видеосу тарады (видео)

18 Баш оона 2018 15:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.08.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбековду тилдеп, мазактаган адам мамлекет башчыдан кечирим сураган видеосу социалдык тармакка тарады.
Мындай видео социалдык тармакка 17-августта чыгып кеткен. УКМК менен ИИМдин кызматкерлери Бостери айылындагы пансионаттардын биринен ал адамды ошол эле күнү кечки саат 10 дордо кармаган.
Эми анын мамлекет башчыдан кечирим сураган кишинин видеосу тарады.
«Урматтуу мекендештер, азыр туруп бир ой келди. Жашоодо ката кетире беребизби депчи. Бул жашоодо кетирген катам, ойго келбеген, кыргыз эли сыйлаган Сооронбай Шариповичти кичине сүйлөп кеттим. Аны мойнума алам. Аны кылбай эле коеюн, силер деле кылбагыла.Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизден кеткен күнөөгө көңүл бурбаңыз. Анткени сиздин деле бизге окшогон балдарыңыз, неберелериңиз бар. Алар деле ката кетирет. Тем не менее, мындан ары ката кетирбөөгө сизге чын жүрөктөн убадамды берем», — деп сүйлөгөн ал видеодо.

https://www.facebook.com/realiikg/videos/1059806997521833/?t=0

 

 

Количество просмотров: 46