Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, шайлоо тилкелери саат 20:00дө жабылды.
Шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде өттү.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышты. Алардын 271и — эркек, 189у — аял талапкерлер