Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн өкмөттө өткөн брифингде коронавирус жуктурган депутаттардын аттарын атоодон баш тартты.
Ага онлайн жыйында депутаттардын ПЦР-тесттеринин жыйынтыктары кандай чыкты деген суроо узатылды.
Ал тесттердин жыйынты оң деп жооп берди.
Министрге тактоо ирээтинде жыйынтыгы оң чыккан депутаттардын аттарын атай аласызбы деген суроо узатылды.
Буга Абдикаримов «жок» деп жооп берди.
Эске салсак, буга чейин депутат Бейшеналы Нурдиновдун анализинен коронавирус инфекциясы аныкталган. Ал ЖКгы кесиптештеринин дээрлик баары менен байланышта болгону айтылган. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы да тажы илдетине чалдыккан эле.