• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК депутаты Надира Нарматованын уулу кармалды

1 Бугу 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазды.

Маалым болгондой, А.Н. Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп иштеген.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Н. УКМК тарабынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 22-майга чейин камакка алынды. Тастыктоо талап кылынган маалыматка караганда, депутаттын уулу мурда бажы кызматкерлери кармалган коррупциялык иш боюнча айыпталууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын басма сөз борбору Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажычылар менен ишкерлердин кармалганын билдирген. Алдын ала мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Ведомстводон билдиришкендей, кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар. Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин күйө баласы бар экенин тастыктады.

Количество просмотров: 235