Кечээ мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан бошонгону белгилүү болду. Көрсө ал 2024-жылдын 30-сентябрында эле бошоптур. Бул тууралуу Биринчи райондук соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүнөн улам белгилүү болуп жатат.
2024-жылдын 13-сентябрында мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков коррупцияга шектелип кармалган.
Ошондон кийин Биринчи май райондук соту Зилалиев 4-ноябрга чейин камалганын кабарлаган.
Дүйшөнбек Зилалиев убагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеп, андан соң өкмөттүн экономика маселелери боюнча вице-премьер-министри болуп иштеп, соңунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи да болгон.
2020-жылы анын үстүнөн Башкы прокуратура КР Кылмыш кодексинин «мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.
2021-жылы июнда Жогорку Сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотко жиберген.