• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК фамилияга «теги» мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

26 Бештин айы 202412:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 26-декабрдагы жыйынында Үй-бүлө кодексине жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды.

Долбоордун демилгечилеринин бири Мирлан Самыйкожо фамилия менен атасынын атын азыркы жазылышы сакталаарын белгиледи. Анын айтымында, -ов, ев, -вич, -вна деген толуктоолор кала берет, аларды жарандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча гана өзгөртүүгө болот.

Мыйзам долбоорунда фамилиялардын жана атасынын ысымдарынын төмөнкү орфографиялык варианттарын толуктоо сунушталууда:

  • чоң атасынын атынан фамилияны жазууда ата-эненин өтүнүчү боюнча баланын атасынын атына эркек балдар үчүн «уулу» деген сөз, кыз балдары үчүн «кызы» деген сөз кошулат;
  • баланын атасынын атына «теги» деген сөздү кошуу менен чоң атасынын атынан фамилия жазууда ата-энесинин өтүнүчү боюнча эркек балдарга «уулу» деген сөз, ал эми кыз балага «кызы» деген сөз кошулат.;
  • чоң атасынын атынан фамилия жазууда “тег” деген сөздү кошуп жазууда “дын/тын”, “дин/тин”, “дүн/түн” деген ээлик уландысы эркек балдарга жана “дан/тан”, “ ден/тен” атасынын атына “, кыз балдар үчүн “дөн/төн” кошулат.
Количество просмотров: 254