• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрттү

13 Үчтүн айы 202513:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп расмий өзгөркөнүн билдирди.

«Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече вариант берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм»,-деп жазган ал фейсбук баракчасына.

Эске салсак, буга чейин парламент кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырган.

Количество просмотров: 230