Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какты.
Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимндин варианттарын тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Депутаттык топтор комиссияга өз өкүлдөрүн дайындашты:
Депутат Камила Талиева гимн үчүн сунушталган 900 варианттын ичинен үчөө гана тандалып алынганын, бирок алар да азырынча жактырыла электигин белгиледи.
«Бул маселени коомдук талкууга алып чыгуу зарыл. Маселе абдан олуттуу. Жогорку Кеңештин алдында татаал милдет турат», — деп баса белгиледи ал.
Комиссиянын иши2026-жылдын 1-июнуна чейин уланат.