• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

ЖК комитети БШКнын мүчөлүгүнө Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырды

18 Жалган куран 202512:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо боюнча Бахадыр Конуровдун талапкерлигин карады.

Талапкер тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов маалымат берди.

Комитет Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырды.

Количество просмотров: 88