Мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлиги Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Украинадагы элчи кызматына сунушталды. Алардын талапкерлиги бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралууда.
Жыйын учурунда Украинадагы элчи кызматына сунушталып жаткан Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги колдоо тапкан жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 3 эл өкүлү «макул» десе 4 депутат «каршы» болгон.
УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.
Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын Жусупбек Шарипов аркалап жатат.