• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети элчиликке сунушталган Мариповдун талапкерлигин колдоду

24 Үчтүн айы 202216:44 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлиги Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Украинадагы элчи кызматына сунушталды. Алардын талапкерлиги бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Жыйында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси кызматына сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты.

Эске салсак, Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген.

Количество просмотров: 213